Түштүк Корея«мээ жеген амебадан» биринчи өлүмдүн катталгандыгын жарыялады

«Мээ жеген амеба» деп да билинген Naegleria fowleri ылай суу, көл жана бассейин сыяктуу акпаган суулардан жугууда.

1924735
Түштүк Корея«мээ жеген амебадан» биринчи өлүмдүн катталгандыгын жарыялады

Түштүк Корея «мээ жеген амеба» деп билинген жана мурун аркылуу адам мээсине кирген 'Naegleria fowleri'  оорусунан биринчи өлүмдүн катталгандыгын жарыялады.

Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу агенттигинен (KDCA) берилген маалыматта : «Кыска убакыт мурун   чет өлкөдөн кайтып келген мээ менингити менен ооруган бейтапта Negleria fowler инфекциясынын бар экендиги   биринчи жолу ырасталды»,- деп айтылды.

10 - декабрда Түштүк Кореяга кайтып келип, 21-декабрда каза болгон бейтаптын баш оору, ысытма, кусуу, сүйлөөсүнүн бузулушу сыяктуу белгилерин көрсөткөнгө чейин 4 ай Таиландда болгону белгилүү болду.

«Мээ жеген амеба» деп да билинген Naegleria fowleri ылай суу, көл жана бассейин сыяктуу акпаган суулардан жугууда.

Баштапкы амебикалык менингоэнцефалит (PAM) деп аталган менингитти пайда кылган Naegleria fowleri ринит, жогорку температура, жүрөк айлануу, баш оору жана көздүн оорушу сыяктуу белгилерди көрсөтөт.

Бейтаптардын көпчүлүгү кыска убакыттын ичинде  комага кирип, каза болууда.

Naegleria fowleri жылуулукту сүйгөн амеба болгондуктан, глобалдык жылуулуктан улам бейтаптардын көбөйүшү күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар