Травма жараткан учурлар алдыңкы мээде сакталып калат

Калифорния университетинин илимпоздору изилдөө жүргүзүштү.

1924655
Травма жараткан учурлар алдыңкы мээде сакталып калат

Илимпоздор көптөгөн убакыт мурда болгон коркуу жана травмалык учурлардын «алдыңкы мээде» кандайча сакталып турганын аныкташты.

Neuroscience News гезитинин кабарына караганда, Калифорния университетинин илимпоздор тобунун чычкандар боюнча жүргүзгөн изилдөөсү, көптөгөн убакыт мурда болгон коркуу учурларынын «алдыңкы мээ» деп аталган префронталдык кортекстеги эс тутум нейрондорунун ортосунда «түбөлүк» сакталып турганын көрсөттү.

Изилдөөнү жетектеген жана молекулярдык биология тармагында иликтөөлөрдү жүргүзгөн профессор Жун-Хён Чонун айтымында, префронталдык эс тутумдагы нейрондор травмалык окуялардан кийин акырындык менен күчөйт жана мээнин кабыгы деп аталган церебралдык кортексте туруктуу формаларды түзүүдө чечүүчү роль ойнойт.

Жун-Хён Чо, травма учурунда активдүү болгон жана травмалык окуя эсте калганда кайра активдешкен префронталдык кортекстеги нейрондордун тобун аныкташканын түшүндүрдү.

Чычкандар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө, нейрондордун бул тобунун иш-аракеттери токтогондо, коркунучтуу учурларды эстеп калууга тоскоол болоору кабарланды.

Изилдөө "Nature Neuroscience" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар