Песков Сербия менен Косовонун ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүү жасады

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берди.

1924810
Песков Сербия менен Косовонун ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүү жасады

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын Косово менен Сербиянын ортосундагы чыңалууга "кыйратуучу таасири" бар деген айыптоолорду четке кагып: «Ташталган кадамдар боюнча Белградды колдойбуз»,-деди.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берип жатып, Сербия менен Косовонун ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүү жасады.

Чыңалууга байланыштуу аймактан Орусияга карата айтылган айыптоолорду кабыл албай тургандарын белгилеген Песков: «Сербия эгемендүү өлкө жана бул жерден Орусиянын кыйратуучу таасирин издөө да туура эмес. Сербия табигый түрдө оор шарттарда чогуу жашаган сербдердин укуктарын коргойт жана бул укуктар бузулганда катуу реакция кылууда»,-деп айтты.

Орусиянын окуяларды жакындан байкаганына көңүл бурган Песков: «Сербдердин укуктарынын кантип камсыз кылынганын жакындан байкоодобуз. Ташталган кадамдар боюнча Белградды колдойбуз»,-деди.

Косово менен Сербиянын ортосундагы чыңалуу Сербиянын мурдагы полиция кызматкери Деян Пантич кармалгандан кийин күчөгөн.

Пантичтин камакка алынышына каршы чыккан косоволук сербдер 10-декабрдан бери Яринже жана Берняк чек ара бекеттеринде орноткон баррикадаларда күзөттө турушат.

Сербия 2008-жылы бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Косовону өз аймагы катары эсептейт.



Тектеш кабарлар