Британиядагы иш таштоолор уланып жатат

Ушул себептен улам көптөгөн аэропорттордо кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүккө учурайт.

1924791
Британиядагы иш таштоолор уланып жатат

Британиядагы иш таштоолор күнүмдүк жашоого терс таасирин тийгизүүдө.

Бир нече жумадан бери иш таштаган темир жол кызматкерлери Рождествонун алдында баштаган иш таштоосун улантууда.

Жүз миңдеген адамдар темир жолдогу иш таштоолордон улам поезддердин токтотулушуна туш болушту.

Январь айындагы темир жол иш таштоосунда да саякаттардын үзгүлтүккө учурашы күтүлүүдө.

Паспорттук көзөмөл кызматкерлери да жаңы жылга чейин улана турган иш таштоолордун экинчисин башташты.

28-31-декабрь аралыгында миңге жакын мамлекеттик кызматкерлер иш ташташат.

Ушул себептен улам көптөгөн аэропорттордо кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүккө учурайт.

Мурдагы иш таштоодогудай эле процесстер үзгүлтүккө учурабашы үчүн паспорттук көзөмөл кызматкерлеринин ордун аскерлер менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери алды.

Британиянын жалпысында 250дөн ашык айдоочулук экзаменчилер да 16-январга чейин иш ташташат.

Мамлекеттик жана коммерциялык кызмат көрсөтүүлөр профсоюзунун (PCS) башкы катчысы Марк Сервотка: «Өкмөт баштыктын оозун бир аз ачса, иш таштоолорду токтотсо болот», - деди.

Өкмөттүн айлык маянаны 2 пайызга көтөрүү сунушун четке каккан Мамлекеттик жана коммерциялык кызмат көрсөтүүлөр профсоюзуна мүчө чек арачылар, айлык акыны 10 пайызга көтөрүүнү талап кылышууда.



Тектеш кабарлар