Зеленский менен Кулебанын билдирүүсү

Орусия-Украина согушу уланып жатат.

1924085
Зеленский менен Кулебанын билдирүүсү

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донбасста катуу кагылышуулардын уланганын билдирди.

Зеленский 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу видео кайрылуу аркылуу маалымат берди.

Орус армиясынын Донбасска кол салганын, бирок эч кандай жылыш жасай албаганын белгилеген Зеленский: «Ал жакта абал оор, капага салуучу»,- деди.

Зеленский Орусиянын кол салууларында энергетикалык инфраструктуранын жабыркашынын себебинен электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын жана 9 миллионго жакын адамдын жарыксыз калганын кабарлады.

Украинанын тышкы иштер министри Димитро Кулеба болсо "тынчтык саммити" тууралуу билдирүү жасады.

Кулеба февраль айында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутеррештин жетекчилигинде «тынчтык саммитин» уюштурууну максат кылгандарын айтты.

Орусиянын саммитке катышуусу үчүн алгач согуш кылмыштары боюнча эл аралык сотто жооп бериши керектигин белгилеген Кулеба, Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин айтышынын чындыкты чагылдырбаганын билдирип: «Алардын согуш талаасында жасаган иштери муну далилдеп турат»,-деди.


Этикеткалар: #тынчтык саммитин

Тектеш кабарлар