Түндүк Америкадагы ызгаар

АКШ жана Канададан кийин Мексикада да катуу сууктан каза болгондор катталды.

1924054
Түндүк Америкадагы ызгаар

Түндүк Американы каптаган кышкы бороондун себебинен АКШ, Канада жана Мексикада жалпысынан 57 адам каза болду.

Ызгардуу суук жана жол кырсыктарынан улам адам өлүмү көбөйүүдө.

АКШ жана Канададан кийин Мексикада да катуу сууктан каза болгондор катталды.

Мексиканын түндүк жана чыгыш аймактары менен Мексика өрөөнүндө абанын температурасы минус 15 градуска чейин төмөндөсө, 23-декабрдан бери сууктан 3 кишинин каза тапканы кабарланды.

Өткөн жума күндөн бери Түндүк Америкага таасир эткен суук аба толкунунан кийин АКШ менен Канадада абанын температурасы минус 43 градуска чейин төмөндөп, катуу сууктан жана жол кырсыктарынан АКШда кеминде 50, Канадада 4 адамдын каза болгону билдирилди.


Этикеткалар: #Түндүк Американы

Тектеш кабарлар