Моди менен Зеленский сүйлөштү

Модинин Украинадагы кагылышуулардын тез арада токтотулушу чакырыгын күчтүү түрдө кайталаганы белгиленди.

1924107
Моди менен Зеленский сүйлөштү

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, лидерлер өз ара кызматташтыкты чыңдоо жана Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан жаңжал боюнча пикир алмашышты.

Билдирүүдө Модинин Украинадагы кагылышуулардын тез арада токтотулушу чакырыгын күчтүү түрдө кайталаганы белгиленди.

Индиянын ар кандай тынчтык аракеттерин колдогону баса белгиленип, Украинадагы кагылышуудан жабыркаган элге гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта турганы кабарланды.

Жолугушууда ошондой эле Индиянын Чоң жыйырмалыкка төрагалыгы жана Украинанын согушту токтотуу үчүн ортого салган 10 беренелик «Украина формуласы» деп аталган тынчтык формуласынын талкууланганы айтылды.

Украинанын 10 беренелик тынчтык формуласында өзөктүк коопсуздук, азык-түлүк жана энергетика коопсуздугу, Орусиянын Украинадан аскерлерин чыгаруусу сыяктуу темаларга басым жасалганы белгиленди.



Тектеш кабарлар