Орусияда карылар үйүндөгү өрт: 20 адам каза болду

Алгачкы маалыматтарга караганда, өрттөн 20 адам каза болгон.

1923220
Орусияда карылар үйүндөгү өрт: 20 адам каза болду

Орусиянын Сибирь аймагындагы Кемерово шаарында жеке менчик карылар үйүндө чыккан өрттөн 20 адам каза болду.

Орус ТАСС агенттигинин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине шилтеме берүү менен кабарлаганына караганда, Кемероводо эки кабаттуу үйдөгү жеке карылар үйүндө белгисиз себеп менен өрт чыккан.

Алгачкы маалыматтарга караганда, өрттөн 20 адам каза болгон.

Өрт өчүргүчтөр тарабынан толук өчүрүлгөн өрт болгон жерде иликтөө иштери уланып жатат.

Өрттүн кесепетинен толугу менен күйүп кеткен экинчи кабаттагы карылар үйү мыйзамсыз экени айтылат.



Тектеш кабарлар