Талибандын чечимине дүйнө жүзү каршы чыгууда...

Ооганстанда талиптердин администрациясы студент кыздардын университетте окуусун убактылуу токтоткондуктан дүйнө жүзү каршы чыгууларын билдире баштады.

1922594
Талибандын чечимине дүйнө жүзү каршы чыгууда...

Ооганстанда Талибан администрациясы студент кыздардын университетте окуусун убактылуу токтотту. Чечимге карата реакциялар биринин артынан бири болду.

Акырында, 12 өлкөнүн тышкы иштер министрлери, анын ичинде АКШ, Англия, Германия, Франция, Канада жана Европа Биримдигинин (ЕБ) атынан тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Билдирүүдө талибдердин студент кыздардын университетте окуусун токтотуу чечими айыпталды. Талибандын аялдарга карата зулум чараларынын ырайымсыз жана системалуу түрдө уланганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Бул кадамдары менен талиптер ооган элинен жана эл аралык коомчулуктан өзүн ого бетер изоляциялоодо»,делди.

Бул чечимге Перс булуңу өлкөлөрү жана Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) да реакция жасады.

ИКУ жана Сауд Арабия, Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери Талибандын чечимин чоң тынчсыздануу менен кабыл алгандарын белгилеп, Кабул администрациясын чечиминен кайтууга чакырышты.

Бул чечимге Түркия да каршы чыкты.

Тышкы иштер министрлиги, «Ооганстандагы бардык кыздардын билим алуу укугун таануу өлкөнүн жыргалчылыгы жана келечеги үчүн маанилүү»,деп билдирүү жасап, чечимди кайра карап чыгууну суранды.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да социалдык медиа эсебинен бөлүшүп, чечимдин Исламдын рухуна каршы экенин баса белгиледи.

Ал арада Ооганстандын Жалалабад шаарында талиптердин чечимине нааразылык билдирген демонстрация өттү.



Тектеш кабарлар