Байден менен Зеленский биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Украинанын президенти Зеленский менен АКШнын президенти Байден Ак үйдө эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

1922180
Байден менен Зеленский биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленскийге тынчсыздануунун кереги жок экенин айтып:«Украина ошол жерде турганда, биз Украинанын жанында болобуз»,-деди.

Украинанын президенти Зеленский менен АКШнын президенти Байден Ак үйдө эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Жыйындан кийин Байден Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинадагы маанилүү инфраструктураларды бутага алуу менен согушту дагы да күчөткөнүн айтты.

Байден 300 күндөн ашкан согушта украин эли Орусияга жана бүткүл дүйнөгө өз өлкөсүнө болгон сүйүүсүн жана кажыбас чечкиндүүлүгүн көрсөткөнүн белгиледи.

Байден АКШнын Украинага ушул убакка чейин берген жардамын жыйынтыктап, өлкөсүнүн Украинага жардамын уланта турганын белгиледи.

Байден Зеленскийге кайрылып: «Урматтуу президент, кабатыр болбоңуз. Украина ал жакта турганда, биз Украинанын жанында болобуз»,-деди.

Зеленский да: «Согуштун акыркы 30 күнүндө биз Америка Кошмо Штаттары менен мамилебиздин жаңы дооруна кирдик жана биз чыныгы союздаштар болдук»,-деп айтты.

Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн Байденге ыраазычылык билдирген Зеленский, Patriot абадан коргонуу системалары алар үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

«Путинге кайрылууңуз барбы?» деген суроого украин лидери: «Мен президент болгондон кийин 2019-жылы Нормандияда Путин менен жолукканбыз. Мен ага биздин өлкөгө толук кол салуу болбошу керектигин, алар агрессияны токтотушу керектигин жана азыркы көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечип, өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу жана Кудай сактасын, биз жалпы согушка кирбешибиз керектигин айткам. Ал болсо «Мындай нерсе болбойт» деген. Бирок ал калп айтыптыр. Мындай абалда ага кандай билдирүү жөнөтсөм болот?»-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар