Зеленский видео билдирүү жарыялады

Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштагы активдүү кагылышуулардын 1300 чакырымдык фронт линиясында уланып жатканын билдирди.

1921098
Зеленский видео билдирүү жарыялады

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүндө Россияга каршы жүрүп жаткан согуштагы активдүү кагылышуулардын 1300 чакырымдык фронт линиясында уланып жатканын билдирди.

Зеленский түн жарымында Telegram аккаунтунда бөлүшкөн видео билдирүүсү менен коомчулукка кайрылып, Россия менен Украинанын ортосунда 24 - февралда башталган кагылышуулардын уланып жатканын белгиледи.

Украинада уланып жаткан согуштун Бахмут шаарында катуу жүрүп жаткандыгын айткан Зеленский : «Бахмут фронттун эң олуттуу жери болууну улантууда. 1300 километрде активдүү кагылышуулар болууда»,- деди.  

Согушта 99 миңден ашуун орус аскеринин каза болгонун айткан Зеленский бул сандын бир күндөн кийин 100 миңге жакындашы мүмкүн экенин белгиледи.

Бир тараптан орус күчтөрүнүн Украинага Ирандан чыккан учкучсуз учуучу аппараттары менен кол салууну улантып жаткандыгын айткан Зеленский кечээ 30 учкучсуз учуучу аппараттардын абада жардырылгандыгын маалымдады.

Россиянын Ирандан кайрадан «Шахер» үлгүсүндөгү учкучсуз учактарды сатып алганын айткан Зеленский Иран менен Россияны жарандарга карата террордук чабуулдарды жасоо менен айыптады.

Зеленский 2021 -  жылдын 1- октябрында Грузияда кармалган жана ошол эле учурда Украинанын жараны болгон мурдагы президент Михаил Саакашвилинин ден соолугунун  начарлап кеткендигин да  билдирди.

Тбилисиде бир клиникада туткун катары  дарыланып жаткан Саакашвилинин Украина, Европа өлкөлөрү же АКШда ооруканага которулушу үчүн Грузия өкмөтүнө кайрылган украин лидери : «Анын өмүрүн куткарып кала турган чечим чыгарыңыздар»,- деди.



Тектеш кабарлар