Японияда калың кар жаады

Ниигата провинциясында калың жааган кардан улам 1 киши каза болуп, 5 киши жаракат алды.

1921444
Японияда калың кар жаады

Японияда өлкөнүн айрым аймактарында, өзгөчө Ниигата провинциясында калың жааган кардан улам 1 киши каза болуп, 5 киши жаракат алды.

Япониянын Ниигата провинциясында өзгөчө өлкөнүн айрым жээк аймактарында кечээтен бери калың жааган кар күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизди.

Ниигата штатынын өкмөтү калың жааган кардын жана кар күрөө учурунда болгон кырсыктардан кеминде 1 кишинин каза болгонун жана 5 кишинин жараланганын билдирди.

Өткөн түнү Кашизаваки шаарындагы трассада 800гө жакын унаанын жолдо  калганы жарыяланып, Ниигата администрациясы жолдо калган унааларды куткаруу үчүн Япониянын өзүн - өзү коргоо күчтөрүнөн (SDF) жардам сурады.

Көптөгөн аймактарда  электр жарыгыубактылуу үзгүлтүккө учурап, кээ бир жергиликтүү поезд каттамдарынын да үзгүлтүккө учураганы жарыяланды.

Япониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) Япон деңизинин жээк аймактарында бейшембиден жекшембиге чейин калың кар жаашы күтүлүп жатканын жана жол кыймылында боло турган кемчиликтерге карата чараларды көрүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар