Гутерриш : "Жакынкы келечекте тынчтык сүйлөшүүсүн күтпөйбүз"
Антонио Гутерриш Украина менен Россиянын ортосунда 24 - февралдан бери уланып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жакынкы келечекте мүмкүн эмес экендигин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш Украина менен Россиянын ортосунда 24 - февралдан бери уланып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жакынкы келечекте мүмкүн эмес экендигин айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын Нью - Йорк шаарындагы БУУнун штаб - квартирасында сүйлөгөн сөзүндө Гутерриш буларды айтты :
"(Россия менен Украинанын ортосундагы) Аскердик кагылышуунун улантыларына ишенем”, - деди.
Олуттуу тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн күтүү керектигин белгилеген Гутерриш : "Жакынкы келечекте чыныгы тынчтык үчүн сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшүн күтпөйбүз",- деди.
Гутерриш Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча аракеттеринин «Россиянын Украинадагы Кара деңиз портуна куур аркылуу аммиак экспорту" жана "согуш туткундарынын кайтып келишин ылдамдатылышы" сыяктуу башка маселелерге багытталганын баса белгиледи.