Орусиянын экспорт боюнча кадамы
Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон жарлык менен орус азык-түлүк жана жер семирткич экспорттоочуларынын, өзгөчө Кара деңиз дан коридору келишиминин камсыздандыруу кызматтарына оңой жетүүсү максат кылынууда.
Орусиядагы камсыздандыруу компанияларынын азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоо боюнча “дос эмес” Батыш өлкөлөрүндөгү камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүүсүнө тыюу салуу алып салынды.
Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон жарлык менен орус азык-түлүк жана жер семирткич экспорттоочуларынын, өзгөчө Кара деңиз дан коридору келишиминин камсыздандыруу кызматтарына оңой жетүүсү максат кылынууда.
2023-жылдын январь айынан тарта күчүнө кире турган жарлыкка ылайык, орусиялык камсыздандыруу компанияларынын азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоодо дос эмес мамлекеттердеги камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүүсүнө тыюу салуу алынып салынды.
Глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн Анкаранын координациясында ишке ашырылган дан ташуу келишимине 22-июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Украина, Орусия, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кол коюлган.
Түркиянын кожоюндугунда өткөн төрт тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келишим 19-ноябрдан тарта 120 күнгө узартылган.