Африканын 30 өлкөсүндө жана Гаитиде холера эпидемиясы күчөп баратат

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Женева борборунда өткөн пресс  - жыйынында  Африканын 30 өлкөсүндө жана Гаитиде холера эпидемиясында өсүү болгондугу белгиленди.

1920129
Африканын 30 өлкөсүндө жана Гаитиде холера эпидемиясы күчөп баратат

Климаттык алмашуу бул жылы  холера эпидемиясынын дагы көп жана өлүмгө алып келишине себеп болууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Женева борборунда өткөн пресс  - жыйынында  Африканын 30 өлкөсүндө жана Гаитиде холера эпидемиясында өсүү болгондугу белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык, изилдөөчүлөр дүйнө жүзү боюнча орточо эсеп менен 1,3 миллиондон 4 миллионго чейин холера бейтабынын бар экендигин жана холерадан 21 000ден 143 000ге чейин өлүмдүн болгондугу тууралуу болжолун билдирди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун холера жана ич өткөк сыяктуу ооруларды изилдеген топтун жетекчиси Филипп Барбоза: "Холера эпидемиясы  болуп көрбөгөндөй көбөйдү.  Биз дагы көп  эпидемияларды көрө элекпиз. Бул эпидемиялар мурунку жылдарга караганда чоң жана өлүмгө алып келүүдө", - деди.

Барбоза климаттык алмашуунун  бул ооруга байланыштуу бейтап жана өлүмдөрдүн көбөйүшүнө түздөн - түз таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Чек тааныбаган дарыгерлер бул жылы Ливан, Сомали жана Нигериядагы качкындар лагерлеринде холера эпидемиясынын чыккандыгын билдиришти.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун жетекчиси холеранын жакырдык жана коргоосуздук менен байланыштуу оору экендигин да билдирди.



Тектеш кабарлар