Франциядагы өрт

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.12де 7 кабаттуу турак үйдө өрт чыкканы белгиленди.

1919641
Франциядагы өрт

Франциянын Рона аймагындагы Лион шаарына жакын жердеги батирде чыккан өрттөн 5и бала 10 кишинин каза болгондугу кабарланды.

Рона губернаторлугунан жасалган билдирүүдө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.12де 7 кабаттуу турак үйдө өрт чыкканы белгиленди.

Алгачкы аныктамалар боюнча өрттүн кесепетинен 5и бала 10 адамдын каза тапканы, 2си өрт өчүрүүчү жалпы 14 адамдын да жаракат алганы маалымдалды.

Билдирүүдө өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өчүрүлгөн өрттүн себебинин азырынча тактала электиги айтылды.



Тектеш кабарлар