Францияда темир жол жумушчулары иш ташташты

Иш таштоодон улам ички  жана шаарлар аралык каттамдар токтотулуп транспорт негизинен үзгүлтүккө учурады.

1919843
Францияда темир жол жумушчулары иш ташташты

Франциянын борбору да жайгашкан Иль-де-Франс аймагында темир жол транспортунун жумушчуларынын иш таштоосу менен кээ бир ички  жана шаарлар аралык каттамдар токтотулуп транспорт негизинен үзгүлтүккө учурады.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, SNCF темир жол фирмасынын кызматкерлери айлык акыны жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен кечээ кечтен тарта 19 - декабрга чейин иш таштоого чечим чыгарышты.

Бир тараптан Париж-Лимож-Тулуза, Париж-Клермон, Нант-Лион, Тулуза-Хендай жана Безиерс-Клермон шаарларынын ортосундагы ылдам жүрүүчү поезддер да олуттуу түрдө токтотулду.



Тектеш кабарлар