Путин: 'Европага кете турган газдын баасы Түркияда аныкталат'

Владимир Путин борбор шаар Москвадагы Стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Түркияда курулушу пландалган газ борборуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1919484
Путин: 'Европага кете турган газдын баасы Түркияда аныкталат'

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын жаратылыш газ инфраструктурасынын маанилүү потенциалга ээ экенин, европалык керектөөчүлөр үчүн газ баасынын чоң өлчөмдө Түркиядагы борбордо аныктала турганын айтты.

Владимир Путин баш калаа Москвадагы Стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Түркияда курулуусу пландалган газ борборуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Путин: «Түркиянын жаратылыш газ инфраструктурасынын олуттуу потенциалы бар. Курула турган жаратылыш газ түйүнүндө соода үчүн электрондук платформа келерки айларда түзүлүшү мүмкүн. Европалык керектөөчүлөр үчүн газ баасы негизинен Түркиядагы борбордо аныкталат. Европанын өз борборлорунда болуп жаткандар акылга сыйбаган нерсе»,-деди.

Путин мындан мурда да Европадагы жаратылыш газ кризисине токтолуп, чечүүчү жол үчүн Түркияны көрсөткөн.

Түндүк Агым газын Кара деңизге багыттай ала тургандарын белгилеген орус лидер: «Түркияда Европа үчүн чоң жаратылыш газ борборун кура алабыз»,-деген.

Президент Режеп Таййип Эрдоган өткөн аптада Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпромдун жетекчиси Алексей Миллерди Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кабыл алган.

Жолугушууда Түркияда газ борборун түзүү, ошондой эле орус газын Түркияга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.



Тектеш кабарлар