Конго Демократиялык Республикасындагы селдерде каза болгондордун саны 140ка жетти

Кырсыктан кийин премьер - министр Жан - Мишель Сама Луконде өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

1919501
Конго Демократиялык Республикасындагы селдерде каза болгондордун саны 140ка жетти

Конго Демократиялык Республикасынын борбор шаары Кинсашада катуу жааган жамгырдын натыйжасында болгон селде каза болгондордун саны 140ка жетти.

Өкмөттөн берилген маалыматта Кинсашада 2 күндөн бери жааган жамгырдан кийин болгон сел жана жер көчкүдө каза болгондордун саны 140ка жеткени билдирилди. 12 кишинин дайынсыз экендиги  белгиленген маалыматта  издөө -  куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы маалымдалды.

18 миллионго жакын калктуу Кинсашанын 24 кварталын каптаган селден улам 400 миң үй жараксыз абалга келип, 300 үй кыйрап, көптөгөн жерлерде жер көчкү жүрдү.

Кырсыктан кийин премьер - министр Жан - Мишель Сама Луконде өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Акыркы жылдарда чоң миграция толкунуна дуушар болгон Кинсашада 2019 - жылы болгон селден 40 киши каза болгон.

 

 

 



Тектеш кабарлар