Иран күйүүчү май ташыган кемени конфискациялады

Иран Перс булуңунда мыйзамсыз күйүүчү май ташыган  бир кемени конфискациялап, кемедеги 12 кишини камакка алды.

1919303
Иран күйүүчү май ташыган кемени конфискациялады

 Иран Перс булуңунда мыйзамсыз күйүүчү май ташыган  бир кемени конфискациялап, кемедеги 12 кишини камакка алды.

Ирандын жарым расмий  болгон маалымат агенттиги Теснимдин билдиргенине караганда, Хормузган провинциясынын сот бийлигинин башчысы Мүктеба Кахрамани Перс булуңундагы Кашм аралына жакын жерде мыйзамсыз күйүүчү май жүктөлгөн кемеге операция жүргүзүлгөндүгүн айтты.

Төңкөрүш Гвардиясынын жүргүзгөн операциясынын натыйжасында кемедеги 12 кишинин камакка алынгандыгын  айткан Кахрамани  кемеде 330 миң литр күйүүчү майдын  конфискациялангандыгын белгиледи. Кахрамани кеменин кимге таандык экендиги жана экипаждагылардын улуту тууралуу маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар