АКШ Сирияда ПКК/ЙПГ менен биргелешкен күзөт иштерин кайрадан баштады

АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы генерал Райдер, күнүмдүк маалымат жыйынында билдирүү жасады.

1918728
АКШ Сирияда ПКК/ЙПГ менен биргелешкен күзөт иштерин кайрадан баштады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Сирияда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ менен биргелешкен күзөт иштерин кайрадан баштады.

АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы генерал Райдер, Түркиянын Сирия жана Иракта террордук уюм ПКК/ЙПГ каршы абадан операциясынан кийин ПКК/ЙПГ менен Сириядагы күзөттөрүн азайткан АКШ армиясынын бул күзөттөрдү уюм менен кайрадан баштаганын билдирди.

Күнүмдүк маалымат жыйынында билдирүү жасаган Патрик Райдер, Түркиянын Сирияда ПКК/ЙПГга каршы ыктымалдуу кургактык операциясына байланыштуу суроолорго комментарий бербей турганын айтты.

Райдер: «АКШнын атынан Сириянын демократиялык күчтөрү менен биргелешкен операцияларыбыз кайрадан башталды деп айта алам. 9-декабрдан тарта толугу менен башталды. Дагы бир жолу айта кетейин, ал жерде биздин жергиликтүү өнөктөштөр менен иштешүүгө басым жасообуз ДЕАШты кайрадан калыбына келтирүү эмес»,-деди.

Террордук уюм ПКК/ЙПГнын 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүнө жасаган бомбалуу кол салуусунан кийин Түрк куралдуу күчтөрү Сирия жана Иракта көптөгөн террордук уюм буталарына абадан операция жүргүзгөн. «Чеңгел кылычә операциясы деп аталган операциядан кийин АКШ менен ПКК/ЙПГ террордук уюму аймактагы биргелешкен күзөттөрүн азайткан болчу.



Тектеш кабарлар