Украинанын кол салуусунан 200дөн ашуун орус аскери каза тапканы айтылууда

Мелитополь шаарынын мэри Иван Федоров өзүнүн Telegram каналындагы билдирүүсүндө украин күчтөрү орус күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Мелитополь шаарындагы аскердик пунктка кол салганын ырастады.

1917413
Украинанын кол салуусунан 200дөн ашуун орус аскери каза тапканы айтылууда

Украина армиясынын Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Запорожье аймагынын Мелитополь шаарындагы аскердик базага жасаган чабуулунда 200дөн ашуун орус аскеринин набыт болгону айтылды.

Мелитополь шаарынын мэри Иван Федоров өзүнүн Telegram каналындагы билдирүүсүндө украин күчтөрү орус күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Мелитополь шаарындагы аскердик пунктка кол салганын ырастады.

Федоров кечээ кечинде болгон кол салууда 200дөн ашуун орус аскеринин каза болгонун айтты.

Мелитополдогу Орусыяны жактаган башкаруусу Украинанын шаардагы кол салууларында 2 кишинин каза болгонун, 10 кишинин жараланганын билдирди.



Тектеш кабарлар