Нетаньяху өкмөттү түзүү үчүн убакыт сурады

Герцогдун Нетаньяхуга өкмөттү түзүү үчүн берген мыйзамдуу мөөнөт 11-декабрь жекшемби күнү бүтөт.

1916850
Нетаньяху өкмөттү түзүү үчүн убакыт сурады

Израилде өкмөттү түзүү милдети жүктөлгөн Беньямин Нетаньяху Израилдин президенти Исхак Герцогдон бул мөөнөттү узартууну суранды.

Израилдин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (KAN) билдиргенине караганда, Нетаньяху Герцогдон өкмөттү түзүү кызматынын мөөнөтүн эки жумага узартууну өтүндү.

Нетаньяху Герцогго: «Өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда жана чоң жылыш бар»,- деди.

Башка маалымат камтылбаган кабарда, Израилдин президентинин Нетаньяхунун өтүнүчүн кабыл алып же албаганы тууралуу сөз болгон жок.

Герцогдун Нетаньяхуга өкмөттү түзүү үчүн берген мыйзамдуу мөөнөт 11-декабрь жекшемби күнү бүтөт.


Этикеткалар: #өкмөттү түзүү

Тектеш кабарлар