Франция Евробиримдиктин эмбаргосуна карабай Орусиядан уран сатып алууда

Бул маалыматты апта сайын чыгуучу сатиралык журнал Canard Enchaine мамлекеттин 84 пайызына ээ болгон Франциянын негизги энергия камсыздоочусу болгон EDF фирмасынын бажы документтерине таянып берген.

1916610
Франция Евробиримдиктин эмбаргосуна карабай Орусиядан уран сатып алууда

Орусия-Украина согушунан кийин Орусияга каршы санкцияларга карабай Франция бул өлкөдөн 2021-жылга караганда 3 эсе көп уран сатып алганы белгилүү болду.

Апта сайын чыгуучу сатиралык журнал Canard Enchaine кабарында мамлекеттин 84 пайызына ээ болгон Франциянын негизги энергия камсыздоочусу болгон EDF фирмасынын бажы документтерине таянып, Франция 2022-жылдын 9 айында Орусиядан 345 миллион евролук 290 тонна уран сатып алган.

Бул сумма Франциянын уран корунун 30 пайызга жакынына туура келет жана 2021-жылы Орусиядан сатып алынган урандан үч эсе көп.

Франциянын 56 атомдук реакторунун 24ү оңдолуп, энергетикалык кризис учурунда атомдук станциялардан электр энергиясын өндүрүү үчүн уранды Орусиядан импорттогону белгиленген.

Жыл сайын атомдук станцияларда 1030 байытылган уранды электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонгон EDF бул кубаттуулукту алуу үчүн 8 миң тонна табигый уранды кайра иштетүүсү керек.

Европа өлкөлөрүнүн Орусияны бутага алган эмбарголоруна карабастан, Франциянын бул өлкөдөн уранды сатып алуусунун себебин көшөгө артында орус уранынын арзан ташылышы катары көрсөтүүдө.

Франциянын уран импортунун 43 пайыздык үлүшүнө ээ болгон Казакстандан сатып алган уран да байытуу процесстери үчүн Орусия аркылуу өтүшү керек.

Франциянын энергетика министри Агнес Панниер-Рунашер уран импортуна байланыштуу суроолорго, «Уранды чийки зат катары эмес, байытылган түрдө сатып алабыз»,- деп жооп бергени көңүлдү бурган.

Жаратылышты коргоочу бейөкмөт Гринпис Орусиядан Францияга уран ташыган кеме 29-ноябрда эң акырында Дункерк портуна жакындаганын жарыялады жана Париж администрациясынын Европа Биримдиги (ЕБ) жана эл аралык экологиялык келишимдер тарабынан кабыл алынган эмбарголорго карабастан бул сооданы жасаганы чуулгандуу деп мүнөздөгөн.



Тектеш кабарлар