Венгрия Евробиримдиктин Украинага колдоо пакетине вето койду

Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн каржы министрлери Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту.

1915856
Венгрия Евробиримдиктин Украинага колдоо пакетине вето койду

Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрүнүн Украинага келерки жыл үчүн 18 миллиард евро каржылык жардам көрсөтүү пакетине Венгрия вето койду.

Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн каржы министрлери Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту.

Жыйындын соңунда Евробиримдиктин төрагасы Чехиянын каржы министри Збинек Станжура келерки жылы Украинага 18 миллиард евро каржылык колдоону камтыган пакеттин бекитилбегенин кабарлады.

ЕБ өлкөлөрүнүн бир добуштан бекитиши талап кылынган пакеттин кабыл алынбагандыгын белгилеген Станжура, Венгриянын ветосун ашкан жана 26 мүчө мамлекет колдогон чечимдин үстүндө иштей баштагандарын белгиледи.

Евробиримдиктин бир бүтүн катары Украинага каржылык колдоо көрсөтүүсүнө жана бул үчүн биргелешип карыз алууга каршы чыккан Венгрия, ар бир мүчө мамлекет Украинага өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам бериши керек деп эсептейт.



Тектеш кабарлар