Байрамов менен Лавровдун жолугушуусу

Орусияга барган Байрамов менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

1914986
Байрамов менен Лавровдун жолугушуусу

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Армениянын Карабах боюнча үч тараптуу келишимдерди аткарбаганын белгилеп: «Армениянын куралдуу түзүмдөрү Карабахтын аймагынан али чыгарыла элек жана мина маселеси Азербайжан үчүн сезимтал маселе бойдон калууда»,-деди.

Орусияга барган Байрамов менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

Байрамов Орусия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда 2020 жана 2021-жылдары Карабах боюнча түзүлгөн келишимдерге токтолуп: «Бул келишимдер Армения тарабынан аткарылбай жатат. Армян түзүмдөрү дагы эле Карабахтын аймагынан чыгарыла элек жана мина маселеси Азербайжан үчүн сезимтал маселе бойдон калууда. Армяндар тарабынан берилген миналар жайгашкан талаалардын карталары кем жана бул жума сайын трагедиялуу окуяларга алып келүүдө»,-деп айтты.

Лачын коридорунун Армения тарабынан гуманитардык максатта колдонулбагандыгын баса белгилеген Байрамов: «Азербайжандын батыш чек аралары менен Нахчыван автономиялуу облусунун ортосундагы байланыш жана транспорт коридорлорун ачуу процесси кечеңдеди»,- деди.

Байрамов Армения менен учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жана тынчтык келишимине кол коюуну жактай тургандыктарын билдирди.

Лавров ошондой эле Орусия, Азербайжан жана Армениянын ортосундагы келишимдерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолуп: «Бул документтер транспорттук жана экономикалык байланыштардагы тоскоолдуктарды жоюу, Армения менен Азербайжандын чек арасын тактоо жана тынчтык келишимине кол коюу менен катар бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бекем жана ишенимдүү негиз болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар