Зеленскийдин элге кайрылуусу
Зеленский өзүнүн Телеграм эсебинде бөлүшкөн күнүмдүк видео кайрылуусунда элге кайрылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн Орусияга каршы согушунда 24-февралдан берки эң оор кагылышуу Донецк облусундагы Бахмут жана Соледар шаарларында болгонун жарыялады.
Зеленский өзүнүн Телеграм эсебинде бөлүшкөн күнүмдүк видео кайрылуусунда элге кайрылды.
Донецк облусунун Бахмут жана Соледар шаарларындагы акыркы кагылышууларды «эң ысык» деп баалаган Зеленский: «Донецк облусунда Бахмут, Соледар (бул жердеги абал) мурункудай азыр да эң ысык, эң азаптуу. Бул багытта балдарыбызга (украин аскерлерине) жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Коргонууну сактап калган баатырларыбыз, ал жердегилердин баары чоң ыраазычылыкка татыктуу»,-деди.
2-декабрда Евробиримдик өлкөлөрү Орусиядан деңиз аркылуу ташылган мунайдын баррелине чектүү бааны 60 доллардан түзүүнү макулдашканын эске салган Зеленский бул баа дагы төмөндөшү керектигин белгиледи.
Орус мунайынын бир баррелинин баасын 30 долларга чейин түшүрүү керектигин айткан Зеленский бул чечимге канааттанбаганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.