Зеленскийдин кайрылуусу
Владимир Зеленский Telegram баракчасынан бөлүшкөн видео кайрылуусунда Украинада Орусияга каршы согуш уланып жатканын эске салды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, согуш башталган 24-февралдан бери 1300дөн ашуун украин аскеринин орус туткунунан бошотулганын билдирди.
Владимир Зеленский Telegram баракчасынан бөлүшкөн видео кайрылуусунда Украинада Орусияга каршы согуш уланып жатканын эске салды.
1-декабрда Орусия менен болгон туткун алмашуунун негизинде 50 украиналык аскер кызматкеринин үйлөрүнө кайтканын белгилеген Зеленский, ушул убакка чейин жалпысынан 1300дөн ашуун украиналыктын орус туткунунан бошотулганын айтты. Зеленский: «Алардын баарын кайтаралы. Украинанын жалпысы эркин болот. Бардык украиндер өз үйүндө болушат»,-деди.
Украинадагы диний кызмат мекемелеринде Орусиянын атайын кызматтарынын ыйгарым укуктарын азайтуу максатында коопсуздук күчтөрү менен жыйын өткөрүшкөнүн белгилеген украин лидери: «Улуттук коопсуздукту сактоого жооптуу бардык мекемелер, Орусиянын атайын кызматтарынын Украинанын диний чөйрөсүндөгү диверсиялык аракеттерин аныктап, аларга каршы көрүлө турган чараларды күчөтүшү керек»,-деди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.