Украинага НАТО жардамдары

Дмитрий Кулеба НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөрүлгөн Румыниянын борбор шаары Бухарестте билдирүү жасады.

1912782
Украинага НАТО жардамдары

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Орусия менен согушуп жаткан өлкөсүнө НАТО союздаштарынын аскердик жана аскердик эмес жардамдарынын “тезирээк” жеткирилишин өтүндү.

Дмитрий Кулеба НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөрүлгөн Румыниянын борбор шаары Бухарестте НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен бирге журналисттерге билдирүү жасады.

Буга чейин НАТОдон курал сурашкандарын жана аларга курал берилгендиктен Орусия басып алган жерлердин маанилүү бөлүгүн кайтарып ала алышкандарын айткан Кулеба, эми болсо бериле турчу жардамдардын тез арада жөнөтүлүшүн суранды.

Кулеба: «Биз Орусияны жеңе аларыбызды далилдедик. Курал-жарактар, Батыш өлкөлөрүндөгү курал өндүрүү боюнча чечимдер жана аларды жеткирүүлөр тезирээк болушу керек»,- деди.

Министр Кулеба: «Абадан коргонуу системаларына муктажбыз. Бизге Iris, Hawk, Patriot системалары жана конвертерлер керек. Эгер бизде конвертерлер жана генераторлор болсо, өзүбүздүн энергетикалык түйүнүбүздү кайра иштете алабыз. Ушундайча элди Путин тоскоол болууга аракет кылган татыктуу жашоо шарттары менен камсыздай алабыз. Эгерде бизде абадан коргонуу системасы болсо, инфраструктурабызды Орусиянын кийинки ракеталык чабуулдарынан коргой алабыз»,-деп айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар