Индонезиядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү

Жетекчилер жер титирөөдө каза болгондордун санынын 310го жеткенин билдиришти.

1911150
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү

Индонезиянын Батыш Ява провинциясында 21-ноябрда болгон 5,6 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 310го жетти.

Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин билдирүүсүндө, Циранжанг шаарынын 18 километр түштүк-батышында болгон жер титирөөдө 24 кишинин дайынсыз экени белгиленди.

Жетекчилер жер титирөөдөн каза болгондордун санынын 310го жеткенин билдиришти.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык изилдөө кызматы (USGS) Индонезиянын Батыш Ява провинциясындагы Циранжанг шаарынан 18 километр түштүк-батышта болгон 5,6 баллдык жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте катталганын кабарлаган.

Баш калаа Жакартада бир нече секундалык сикинүүгө себеп болгон жер титирөөдөн кийин цунами эскертүүсү берилген эмес.



Тектеш кабарлар