Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмаштыруу

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Украина тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 35 орус аскеринин бошотулганы белгиленди.

1910463
Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмаштыруу

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушта туткунга түшкөндөрдүн айрымдары алмаштырылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Украина тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 35 орус аскеринин бошотулганы белгиленди.

Билдирүүдө керектүү медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүлгөн аскерлердин Министрликке таандык учактар ​​менен борбор шаар Москвага жеткирилери айтылды.

Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак болсо Telegram каналынан билдирүү жасап: «Бирөөсү жаран, 35и аскер болгон 36 жараныбызды үйлөрүнө алып келдик»,- деди.

Алардын арасында Украинанын Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводунда согушкандар жана Чернобыл атомдук станциясында согуштун алгачкы күндөрүндө туткунга түшкөн аскерлердин да бар экенин белгилеген Ермак, 8 ай бою туткунда калган жарандарды куткара алышканын баса белгиледи.

Орусия менен Украинанын ортосунда 3-ноябрда болгон туткун алмашуунун алкагында 107 орус жана 107 украин аскери эки тараптуу түрдө бошотулган эле.



Тектеш кабарлар