Орус армиясы Украинага ракеталык кол салды

Кол салууда 6 киши каза болуп, 36 киши жаракат алды.

1910279
Орус армиясы Украинага ракеталык кол салды

Украинанын Улуттук полициясынын башчысы Игорь Клименко орус армиясынын кечээги ракеталык кол салууларынан 6 кишинин каза болгонун, 36 кишинин жараланганын билдирди.
Киев мэри Виталий Кличко орус армиясынын борбор шаар  Киевге 31 канаттуу ракета учурганын, анын 21нин Украинанын абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөнүн айтты.

Украинанын Улуттук полициясынын төрагасы Игорь Клименко орус армиясынын бул кол салууларда 16 маанилүү инфраструктура объектисин бутага алганын, 6 кишинин каза болгонун, 36 кишинин жараланганын белгиледи.

Украинанын энергетика фирмасы Укренергодон берилген билдирүүдө орус армиясынын ракеталык чабуулдарынын натыйжасында өлкөнүн бүтүндөй жеринде суу жана электр энергиясы үзгүлтүккө учурагандыгы маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар