Европа Парламентине кибер чабуул

Роберта Мецола Твиттер баракчасынан билдирүү жасады.

1910346
Европа Парламентине кибер чабуул

Европа Парламентинин (ЕП) төрайымы Роберта Мецола, ЕПнын Орусияны "терроризмди колдогон өлкө" деп жарыялагандан кийин хакердик чабуулга кабылганын билдирди.

Роберта Мецола Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «ЕП татаал кибер чабуулга кабылды. (Орусиянын президентик сарайы) Кремлди колдогон топ жоопкерчиликти өзүнө алды»,-деп айтты.

IT адистеринин кол салуу менен күрөшүп жатканын белгилеген Мецола: «Бул биз Орусияны «терроризмди колдогон өлкө» деп жарыялагандан кийин болду»,- деди.

Метцола «Менин жообум болсо: Слава Украина (Украинага жеңиш)», деп бөлүштү.

Франциянын Страсбург шаарында өткөрүлгөн ЕПнын Башкы Ассамблеясында Орусияны «адамгерчиликсиз жана ырайымсыз иш-аракеттерди» кылгандыгы айыптоосу менен «террорду колдогон өлкө» деп тааныган резолюция долбоору 58 каршы, 494 макул добушу менен кабыл алынган болчу.



Тектеш кабарлар