ЕБ Орусияга каршы санкция киргизүүгө даярданууда
Ляйен Хельсинкиде Финляндиянын премьер-министри Санна Марин, Эстониянын премьер-министри Кая Каллас жана Швециянын вице-премьер-министри Эбба Буш менен биргелешкен пресс-конференция өткөрдү.
Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, ЕБнин Орусияга каршы 9-санкция пакетине даярданып жатканын билдирди.
Фон дер Ляйен Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде Финляндиянын премьер-министри Санна Марин, Эстониянын премьер-министри Кая Каллас жана Швециянын вице-премьер-министри Эбба Буш менен биргелешкен пресс-конференция өткөрдү.
Украина элинин Орусиянын кол салууларынын айынан кышты электр жарыгысыз өткөрүүгө мажбур болгонун белгилеген Фон дер Ляйен: «Ымыркайлар, алардын ата-энелери, чоң ата-чоң энелери караңгыда тоңуп жатышат. Мен бул кол салууларды катуу айыптайм. Булар согуш кылмыштары»,-деди.
Фон дер Ляйен: «Бүгүн мен санкциялардын 9-пакетинин үстүндө толук ылдамдыкта иштеп жатканыбызды жарыялай алам. Жакын арада G7 жана берки негизги өнөктөштөр менен орус мунайына дүйнөлүк баанын чегин бекитебиз деп ишенем»,-деп айтты.