Конгодо жер көчкү: 11 адам каза болду

Дүйшөмбү күнү башталган катуу жамгырдын айынан жер көчкү жүрдү.

1910135
Конгодо жер көчкү: 11 адам каза болду

Конго Демократиялык Республикасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон жер көчкүдөн 11 адам каза тапты. 

Өлкөнүн Түштүк Киву аймагынын полиция кызматкери Пекос Менянга, дүйшөмбү күнү башталган катуу жамгырдын аймакта жер көчкүгө себеп болгонун билдирди. 

Менянга жер көчкүдөн 11 кишинин каза болгонун, 7 кишинин болсо дайынсыз экенин белгиледи.

Көптөгөн үйдүн жер көчкүдө жараксыз абалга келгенин кабарлаган Менянга, каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн кооптонгондорун айтты.



Тектеш кабарлар