Британия Украинага тик учактарды берет

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Норвегияга расмий иш сапары учурунда өлкөсүнүн Украинага аскердик жардамдын алкагында тик учактарды берерин кабарлады.

1910160
Британия Украинага тик учактарды берет

Британия Орусия-Украина согушу башталгандан бери биринчи жолу Украинага тик учактарды жөнөтө турганын жарыялады.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Норвегияга расмий иш сапары учурунда өлкөсүнүн Украинага аскердик жардамдын алкагында тик учактарды берерин кабарлады. 

Ошондой эле Украинага Орусиядан өзүн коргонуусуна жардам көрсөтүү үчүн кошумча 1000 артиллериялык снаряд берилерин билдирген Уоллес: "Украинага колдообуз туруктуу. Бул кошумча снаряддар Украинага акыркы апталарда Орусиядан кайтарып алган аймактарды коргоого жардам берет",-деди.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, артиллериялык снаряддардын Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырары жана маанилүү издөө-куткаруу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн Sea King тибиндеги тик учактардын тапшырыла турганы баса белгиленди.

Улуу Британиянын Украинага бул жаңы коргонуу колдоосу, Британиянын премьер-министри Риши Сунактын өткөн дем алыш күндөрү борбор калаа Киевге сапары маалында Украинага 50 миллион фунт стерлинг коргонуу жардамы берилерин жарыялагандан кийин болду.

Британ басма сөзүндө орун алган кабарда Украинага 3 Sea King тик учарынын бериле турганы, алардын бирөө азыр Украинада экени айтылды. 



Тектеш кабарлар