Нигерияда барымтадагы 76 адам куткарылды

Барымтадагылардын качан уурдалганы тууралуу маалымат берилген жок.

1909292
Нигерияда барымтадагы 76 адам куткарылды

Нигериянын Кадуна аймагында куралчан шайкалар тарабынан барымтага алынган 76 киши куткарылды.

Кадуна полиция кызматынын басма сөз катчысы Мохаммед Жалиге, 18-ноябрда полиция менен аскерлердин кызматташтыгында Кадунанын Зария жана Фунтуа аймактарында куралчан шайкаларга каршы операциялар жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жалиге, операцияларда араларында балдар жана аялдар да болгон 76 кишинин куткарылганын белгиледи.

Ал арада барымтадагылардын качан уурдалганы тууралуу маалымат берилген жок.

Нигерия акыркы мезгилдерде өлкөнүн ар кайсы аймактарында Боко Харам жана ISWAP террордук уюмдарынын, ошондой эле куралчан кишилердин кол салууларына туш болду.

Өткөн жылы Кадунада куралчан адамдар тарабынан жасалган кол салууларда 937 адам каза болуп, 1972 адам барымтага алынган.


Этикеткалар: #барымтага алынган

Тектеш кабарлар