Израилден Катарга биринчи түз каттам

Тель-Авивдеги Бен Гурион аэропортунан көтөрүлүп, FIFA 2022 Дүйнөлүк Чемпионатка катышуу үчүн израилдиктерди ташыган TUS Airlines компаниясынын биринчи пландалган рейси Доха аэропортуна учуп кетти.

1908449
Израилден Катарга биринчи түз каттам

Израилдин Тель-Авив шаарындагы Бен Гурион эл аралык аэропортунан Катардын борбор шаары Дохага алгачкы түз каттам жасалды.

Тель-Авивдеги Бен Гурион аэропортунан көтөрүлүп, FIFA 2022 Дүйнөлүк Чемпионатка катышуу үчүн израилдиктерди ташыган TUS Airlines компаниясынын биринчи пландалган рейси Доха аэропортуна учуп кетти.

Дүйнөлүк чемпионатты уюштуруу учурунда Тель-Авив менен Доханын ортосунда 6 жолу айланып чыгуу пландалган.

Учуулар Ирандын ордуна Сауд Арабиянын аба мейкиндигинде болот.

Израилдин премьер-министри Яир Лапид 10-ноябрда Израиль жарандары дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн биринчи жолу Катарга түз уча ала турганын жана Дохада убактылуу дипломатиялык кеңсе ачканын жарыялады.

Турнирден улам Катарга барган Израиль жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн дипломатиялык кеңсенин физикалык жактан бул өлкөдө жайгашаары белгиленди.



Тектеш кабарлар