НАТОнун парламенттик ассамблеясынын жыйындары башталды

Жыйын Испаниянын борбор шаары Мадридде башталды.

1908100
НАТОнун парламенттик ассамблеясынын жыйындары башталды

Түркиядан 17 депутат катышкан НАТОнун парламенттик ассамблеясынын 68 -   жыйындары Испаниянын борбор шаары Мадридде башталды.

НАТОнун парламенттик ассамблеясына альянска мүчө 30 өлкөдөн 269 парламент мүчөсү менен 11 биргелешкен делегациядан жана 8 байкоочу парламенттик делегациядан 100 парламент мүчөсү катышты.

Жыйынга Түркиядан НАТО парламенттик ассамблеясынын түрк тобунун төрагасы Осман Ашкын Бактан  (Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Ризе эл өкүлү) башка Адилеттик жана өнүгүү партиясынан 7, Республикалык элдик партиясынан 4, Элдердин демократиялык партиясынан 2, Улуттук кыймыл партиясынан 2 жана ИЙИ партиясынан  1 депутат катышууда.

Жыйындарда Россияга каршы согушта Украинага колдоо, 28 – 30 -  июнда Мадридде болгон НАТО саммитинде кабыл алынган Жаңы стратегиялык концепция чечимдеринин ишке ашырылышы, НАТОнун коргонуу жана бөгөт коюу аракеттери, Россиянын коркунучтарына жооп берүү, кибер коопсуздук, климаттык алмашуу маселесинин коопсуздук боюнча  таасирлери  талкууланат.

Жогорку мартабалуу жетекчилердин жана адистердин коопсуздук жана коргонуу боюнча түрдүү көз караштары да талкуулана турган жыйындардан кийин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин да  катышуусу менен 21 -  ноябрь дүйшөмбү күнү Башкы ассамблеянын 68 -  жыйыны өткөрүлөт.

Башкы ассамблеяда Украинанын президенти Зеленскийдин да видео конференция аркылуу парламентарларга кайрылары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар