Газпром: "Азербайжанга газ бериле баштады"

Азербайжан мамлекеттик мунай компаниясы SOCAR менен жаңы келишимге кол коюлганы белгиленди.

1907981
Газпром: "Азербайжанга газ бериле баштады"

Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпром жаңы келишимге ылайык Азербайжанга жаратылыш газын ташып баштаганын жарыялады.

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Азербайжанга жаратылыш газын ташуу үчүн Азербайжан мамлекеттик мунай компаниясы SOCAR менен жаңы келишимге кол коюлганы белгиленди.

Келишимдин алкагында ташуунун 15-ноябрда башталганы маалымдалган билдирүүдө, 2023-жылдын март айына чейин 1 миллиард метр кубга чейин газ ташыла турганы кабарланды. 



Тектеш кабарлар