Столтенберг: «Эгер Украина кабыл ала турган шарттар түзүлсө биз аны колдойбуз»

Столтенберг Нидерландиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Вопке Хоекстра жана коргоо министри Кайса Оллонгрен менен жолугушкандан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

1906456
Столтенберг: «Эгер Украина кабыл ала турган шарттар түзүлсө биз аны колдойбуз»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, эгер Украина Орусия менен ыктымал сүйлөшүүлөрдү баштаса НАТОнун мамилеси кандай болору тууралуу: «Эгер Украина кабыл ала турган шарттар түзүлсө биз аны колдойбуз»,-деди.

Столтенберг Нидерландиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Вопке Хоекстра жана коргоо министри Кайса Оллонгрен менен жолугушкандан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

Столтенберг Орусиянын Херсондогу коргонуу линиясын Днепр дарыясынын сол жээгине тартуусунун Украина үчүн жерде ийгилик болгонун жана Украинага берилген колдоону улантуу стратегиясын күчтөндүргөнүн белгиледи.

Столтенберг: «Көпчүлүк салгылашуулар үстөлдө бүтөт, бирок үстөлдөгү нерсе талаадагы ийгиликке байланыштуу»,- деп айтып, согушта украин армиясы жеңген сайын анын сүйлөшүүлөрдөгү колу күчтөнө турганын белгиледи.

Столтенберг басма сөзүнүн Украинанын Орусия менен бир үстөлгө отуруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар деген суроосуна: «Украина эли согуштун азабын тартууда. Ушул себептен украиндер сүйлөшүүлөрдү качан жана кандай шартта баштаарын чечиши керек»,- деп жооп берди.

Столтенберг: «Украина кабыл алган шарттар болсо, биз аны колдойбуз. Биздин милдет - Украинанын жеңишин көбөйтүү»,-деп айтты.

Столтенберг Украинага колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар