Угандадагы эбола эпидемиясы

Өлкөдө эболадан ушул убакка чейин 53 адам каза болуп, ооругандардын саны 135ке жетти.

1905815
Угандадагы эбола эпидемиясы

Угандадагы Эбола эпидемиясы Жинжа шаарында да байкалды.

Саламаттыкты сактоо министри Жейн Рут Асенг Жинжа шаарында каза болгон 45 жаштагы Дэн Вайсванын тестинин жыйынтыгы позитив болгондугу тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Өлкөдө эболадан ушул убакка чейин 53 адам каза болуп, ооругандардын саны 135ке жетти.

Угандада эбола эпидемиясынын жайылышынын алдын алуу максатында мектептердин үчүнчү чейрегинин 25-ноябрда аякташы чечими кабыл алынган.

Эбола вирусу биринчи жолу быйыл 19-сентябрда Угандада аныкталган.



Тектеш кабарлар