Бириккен Улуттар Уюму Талибанга адам укуктарына сый көрсөтүүгө чакырган чечим долбоорун кабыл алды

193 мүчөдөн турган Башкы ассамблеяда Германия тарабынан сунушталган чечим долбооруна байланыштуу   добуш берүү болду.

1905210
Бириккен Улуттар Уюму Талибанга адам укуктарына сый көрсөтүүгө чакырган чечим долбоорун кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Талибанга адам укуктарына сый көрсөтүүгө чакырган чечим долбоорун кабыл алды.

193 мүчөдөн турган Башкы ассамблеяда Германия тарабынан сунушталган чечим долбооруна байланыштуу   добуш берүү болду.

Талибандын афган аялдары менен кыздарынын жана адам укуктарын бузгандыгы, өкүлдүү өкмөт кура албагандыгы жана өлкөнү экономикалык, гуманитардык жана социалдык шарттар жактан начар абалга алып келгенине байланыштуу чечим долбоору 116 өлкөнүн добушу менен кабыл алынды.

Араларында Россия жана Кытай да болгон 10 өлкө калыс болду.

Мыйзам долбоорунда адам укуктарын толук сактоого жана аялдардын жашоонун бардык аспектилерине маңыздуу катышуусуна чакыруу салынды.

Афган аял жана кыздарына карата адам укуктарын бузуусунан улам тынчсыздануунун болуп жаткандыгы белгиленген долбоордо Талибандын адам укуктарынан пайдалануусун чектеген саясат жана иш - аракеттеринен баш тартуусу талап кылынды.

Талибандын 2021 - жылдын 15 - августунда өлкөнү колго алгандан кийин аялдардын иштөөсүнө,  билим алуусунда жана башка кээ бир социалдык тармактарда тоскоолдуктарды жаратып, эл аралык каршы чыгууларды тартууну улантууда.

Талибан башкаруусу   кыздардын 6 - класстан баштап билим алуу мүмкүнчүлүгүн токтоткондуктан көптөгөн афган кыздары мектепке бара албай  жатышат.



Тектеш кабарлар