Байден журналисттердин суроолоруна жооп берди

Жо Байден Түндүк Африка жана Азияга иш сапары менен аттанды.

1905036
Байден журналисттердин суроолоруна жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадан чыкмайынча жаңжал чечилет деп ойлобогонун айтты.

Жо Байден Түндүк Африка жана Азияга сапары үчүн Ак үйдөн аттанаар алдында билдирүү жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу жемиштүү болобу деген суроого Байден: «Мен жолугушууларымдын ар дайым жемиштүү өткөнүнө ишенем»,-деп жооп берди.

Байден «24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда кандай чечим болот» деген суроого болсо: «Путин Украинадан кетмейинче жаңжал чечилбейт деп ойлойм»,- деп жооп берди.

Ал арада АКШ Украинага Avenger абадан коргонуу системасын берет.

АКШнын Коргоо департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх, президент Байдендин буйругу менен АКШ армиясынын инвентаризациясынан Украинага 400 миллион долларлык аскердик жардам бере тургандарын айтты.

Жардам пакетинде төрт Avenger абадан коргонуу системасынын бар экенин белгилеген Сингх, АКШнын Украинага армия инвентаризациясынан 25-жолу жардам бергенин билдирди.



Тектеш кабарлар