Иранда террорчулукка айыпталган 2 киши өлүм жазасына тартылды
Бул тууралуу Tasnim маалымат агенттиги жарыялады.
1904304
Ирандын Систан-Белужистан провинциясында режим оппозициячыл «Жейшул Адлга» мүчө экени айтылган 2 киши «террордук кыймыл» жасады деген жүйө менен өлүм жазасына тартылды.
Tasnim маалымат агенттиги Рашид Балуч менен Исхак Асканинин Систан-Белужистан провинциясынын Захидан шаарында «коопсуздук күчтөрүнө каршы куралдуу кол салуу жана террордук кыймылдарды жасагандыгы» себеби менен өлүм жазасына тартылганын жарыялады.
Белуч менен Аскани 2016-жылы провинциянын Чебрук жана Риддик чек ара аймактарында 4 аскердин өмүрүн алган куралдуу кол салуунун күнөөкөрү деп айыпталууда.