АКШда кошумча шайлоолор өтүп жатат

Associated Press (AP) агенттиги жарыялаган расмий эмес жыйынтыктарга караганда, Өкүлдөр палатасынын жарышында республикачылар 82, демократтар 47 орунга ээ болушту.

1904185
АКШда кошумча шайлоолор өтүп жатат

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) добуштарды саноо уланып жаткан Конгресстин кошумча шайлоосунда Өкүлдөр палатасында демократтар 47, республикачылар 82 орунга ээ болушту.

Сенаттын үчтөн бир бөлүгү болгон 35 орун үчүн жана Өкүлдөр палатасындагы бардык 435 орун үчүн өткөрүлгөн кошумча шайлоолордо добуштарды эсептөө уланууда.

Associated Press (AP) агенттиги жарыялаган расмий эмес жыйынтыктарга караганда, Өкүлдөр палатасынын жарышында республикачылар 82, демократтар 47 орунга ээ болушту.

Демократтар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөө үчүн республикачыларга 9 орун керек болчу.

АКШ шайлоочулары ар бир 2 жылда 435 орундуу Өкүлдөр палатасы жана 100 орундуу Сенаттагы 35 орун үчүн добуш берүүгө келишет.

Тактап айтканда, Пенсильвания менен Жоржиядагы жыйынтыктар Сенатта ким көпчүлүккө ээ болорун аныктайт.

Азыркы тартипте Сенатта 50 республикачыл жана 50 демократ сенатор бар. 51 сенаторго жеткен партия Конгресстин бул палатасында да көпчүлүккө ээ болот.

Шайлоого кирген Сенаттагы 35 орундун 17сине республикачылар жана 10уна демократтар ээ болгон.

Associated Press (AP) агенттиги жарыялаган расмий эмес жыйынтыктарга караганда, Огайо жана Түндүк Каролина штаттарында өткөн шайлоодо республикачылар жеңишке жетти.

Ошентип, буга чейин жарыяланган жыйынтыктарга караганда, республикачылар 17, демократтар 10 мандатка ээ болушту.

Жарыяланган жыйынтыктар менен республикачылар да, демократтар да 46дан орун алышты.

 



Тектеш кабарлар