ПКК жикчил террордук уюму банги зат соодасын өндүрүү, өткөрүү жана сатуу иштерине катышууда

Европадагы банги зат соодасынын 80 пайыздык бөлүгүн көзөмөлгө алган террордук уюм бул жол менен жылдык 1,5 миллиард долларлык киреше алууда.

1903701
ПКК жикчил террордук уюму  банги зат соодасын өндүрүү, өткөрүү жана сатуу иштерине катышууда

ПКК жикчил террордук уюмдун аткарган иштерин каржылоо үчүн эл аралык банги зат соодасын өндүрүү, өткөрүү жана сатуу иштерине катышууда.

ПККнын мыйзамсыз жолдор менен алган каржылык булактарынын ичинде банги зат соодасы маанилүү орунда турат. 90 -  жылдардан бери жарыяланган көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик отчет уюмдун Европада бул тармакта аткарган иштери жана алган кирешесин ортого салууда.

Буларга караганда ПКК өндүрүшүнөн таратылышына жана Европа көчөлөрүндө сатылышына чейин ар бир этапта роль ойноодо.

Европадагы банги зат соодасынын 80 пайыздык бөлүгүн көзөмөлгө алган террордук уюм бул жол менен жылдык 1,5 миллиард долларлык киреше алууда.

 ПККнын банги заттар боюнча иш алып баруусу Жакынкы Чыгыштан Батыш Европа өлкөлөрүнө чейин созулуп, бул кенен аянт «Балкан багытын» толугу менен камтууда.

Европол менен бирге Германия, Франция, АКШ, НАТО жана БУУнун ПККнын банги зат соодасы тууралуу көптөгөн жылдардын ичинде жарыяланган көп сандаган документ жана отчету бар.



Тектеш кабарлар