Алексей Резников коргоо системалары тууралуу билдирди

Резников Твиттерден жаңы абадан коргоо системаларынын келгендигин жарыялады.

1903500
Алексей Резников коргоо системалары тууралуу билдирди

Украинанын коргоо министри Алексей Резников NASAMS жана Aspide абадан коргонуу системаларынын өлкөсүнө келгендигин жарыялады. Резников Твиттерден берген билдирүүсүндө өлкөсүнө жаңы абадан коргоо системаларынын алып келингендигин белгилеп, Норвегия менен АКШ жана Испанияга бул тууралуу колдоолорунан улам ыраазычылык билдирди. Алексей Резников : «Aspide жана NASAMS абадан коргонуу системалары Украинага келди. Бул куралдар Украина армиясын маанилүү өлчөмдө бекемдейт жана аба аянтыбызды коопсуз абалга алып келет. Бизге кол салган душмандын буталарын жардырууну улантабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар