АКШда жаңы бороон-чапкын боюнча эскертүү

34 округда өзгөчө абал жарыяланды.

1903528
АКШда жаңы бороон-чапкын боюнча  эскертүү

АКШнын Флорида штатында жаңы бороондун таасирдүү болушу күтүлүүдө.

Штатта ыктымалдуу сел жана кыйроолорду азайта турчу чаралардын алкагында өзгөчө абал киргизүү чечими кабыл алынды.

Майамидеги Улуттук Ураган Борбору (NHC) Багама аралдарынан жакындап келе жаткан Николь бороонунун 9-ноябрда Флоридага жетип катуу бороонго айланышы ыктымалдыгын билдиргенден кийин Флорида губернатору Рон ДеСантис штаттын 34 районунда өзгөчө абал жарыялады.

NHC, өлкөнүн негизги кургактыгына жете турган бороон-чапкындын Майаминин түндүгүндө жана Атлантика океанынын жээгиндеги Халландейл Бичтен Дейтона Бичтин түндүгүнө жана ички бөлүгүндөгү Океечоби көлүнө чейин таасирдүү болушу күтүлүп жатканын маалымдады.

NHC веб-сайтында, бороондун ылдамдыгынын максимум 75 километрге жеткени, жума күнүнө чейин Жоржия жана Түндүк-Түштүк Каролина штаттарында, өзгөчө Флоридада таасирдүү болоору кабарланды.



Тектеш кабарлар