Шольц Байден менен сүйлөштү
Шольцтун Байден менен пикир алмашканы белгиленди.
Германиянын канцлери Олаф Шольц кечээ кечинде АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Премьер-министрликтин билдирүүсүндө Шольцтун Байден менен сүйлөшүүсүндө өткөн аптада Кытай Эл Республикасына болгон сапары жана Украинадагы абал тууралуу пикир алмашканы белгиленди.
Билдирүүдө Олаф Шольц менен Жо Байдендин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин өзөктүк куралдардын колдонулушуна жана коркутууларга каршы ачык билдирүүсүн жогору баалагандары айтылды.
Сүйлөшүүдө Байден менен Шольц Орусиянын Украинадагы жарандык инфраструктураны, өзгөчө энергия менен камсыз кылуучу объектилерди бомбалоосун айыпташты жана эки лидер Киев башкаруусуна колдоо көрсөтүүнү улантууга чечкиндүү экендиктерин дагы бир жолу баса белгилешти.
Тектеш кабарлар
Канадада мечитте бычактуу кол салуу болду
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерде 24 жаштагы шектүүнүн кармалганын билдирди.